Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:07

Кытайда химиялык заводдун жанындагы жарылуудан 23 киши өлдү


Чжанцзякоу шаарында жайгашкан химиялык заводдун жанындагы жарылуудан кийинки өрттү өчүрүү учуру. 28-ноябрь, 2018-жыл.
Чжанцзякоу шаарында жайгашкан химиялык заводдун жанындагы жарылуудан кийинки өрттү өчүрүү учуру. 28-ноябрь, 2018-жыл.

Бул тууралуу “Associated Press”, “Reuters” агенттиктери кабарлашты. Маалыматты жергиликтүү бийлик да ырастады. Жарылуу Кытайдын чыгышында, Чжанцзякоу шаарында жайгашкан химиялык заводдун жанында болгон. Андан кеминде 23 адамдын өмүрү кыйылып, 20дан ашуун киши жарадар болгон.

Мамлкеттик «Синьхуа» агенттигинин кабарына караганда, жарылуудан кийинки өрттөн 50дөй автоунаа жок болгон. Учурда кырсыкты себептери иликтенүүдө.

Борбор Бээжинден 156 чакырым алыстыктагы Чжанцзякоу - Кытайдын 2022-жылкы Кышкы олимпиаданы тосо турган шаарларынын бири.

Быйыл жайында Кытайдын Сычуань провинциясындагы заводдо жарылуу болгондо 19 киши каза тапкан. Анда кырсыкка завод ичинде мыйзамсыз жүргүзүлгөн курулуш иштери себеп болгону маалымдалган.

Ал эми 2015-жылы Тяньцзинь порттук шаарында, химиялык кампада болгон жарылуу 165 адамдын өмүрүн алган. (UE)

XS
SM
MD
LG