Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:31

Чыры көп, акчасы тартыш кыргыз цирки


Чыры көп, акчасы тартыш кыргыз цирки
please wait

No media source currently available

0:00 0:07:26 0:00

Кыргыз мамлекеттик циркинин артисттери менен жетекчилигинин ортосунда он жылдан бери уланып келаткан чыр күч алды. Артисттер бул жолу цирктин директору Курмангазы Исанаев менен орун басары Дария Кусеинованы коррупциялык мыйзам бузууларга айыпташып, аларды кызматтан кетирүү талабын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине жолдоду. Артисттердин талабын Жогорку Кеңештин тармактык комитети да карап, "негиздүү болсо бир ай ичинде чара көрүлсүн" деген чечимин Башкы прокуратурага жөнөттү. Ал эми циркти 2004-жылдан бери жетектеп келаткан Курмангазы Исанаев "коррупциялык аракеттер болду" деген кинени четке кагып, тартип коргоо органдары жыл сайын текшерип, мыйзам бузууларды таппаганын билдирди.

XS
SM
MD
LG