30-ноябрда күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош облусунун кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Жолдор тайгак болот.
29-ноябрда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, тоолордо, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаайт.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3…+2, күндүз 8…13;
Таласта түнкүсүн -3…+2, күндүз 7…12;
Баткен, Ош жана Жалал-Абадда түнкүсүн -1…+4, күндүз 8…13;
Ысык-Көлдө түнкүсүн 0…-5, күндүз 3…8;
Нарын облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз 0…5 градуска чейин төмөндөйт.
Бишкекте 29-ноябрда жамгыр жаабайт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Абанын температурасы түнкүсүн 0...2, күндүз 11…13 градуска чейин жылыйт.