Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:31

Грузияда президенттик шайлоонун экинчи айлампасы аяктаганы турат


Талапкер Саломе Зурабишвили добуш берген учур. Тбилиси, 28-ноябрь, 2018-жыл.
Талапкер Саломе Зурабишвили добуш берген учур. Тбилиси, 28-ноябрь, 2018-жыл.

Шайлоо бекеттери жергиликтүү убакыт боюнча саат 20:00, Бишкек убактысы боюнча 22:00до жабылмакчы.

Шайлоонун экинчи айлампасында мурдагы премьер-министр Бидзина Иванишвилинин бийликтеги “Грузин кыялы” партиясы колдогон талапкер Саломе Зурабишвили менен мурдагы президент Михаил Саакашвилинин оппозициядагы "Бириккен улуттук кыймыл" партиясынын талапкери Григол Вашадзе ат салышууда.

66 жаштагы Зурабишвили, 60 жаштагы Вашадзе да мурдагы президент Михаил Саакашвилинин учурунда тышкы иштер министринин кызматын аркалашкан.

Шайлоонун биринчи айлампасы 28-октябрда өтүп, ага добуш берүүгө укуктуулардын 46,8% келген. Грузияда шайлоочулардын саны 3,5 миллиондун тегерегинде.

Бул саясий өнөктүк Грузиянын жарандары президентти түз шайлаган акыркы шайлоо болот. Конституциянын жаңы редакциясына ылайык, мындан кийин президентти өлкөнүн парламенти жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен шайлоочулардын 300 адамдан турган жамааты шайлашы керек. Грузияда президенттин бийлик укуктары азыр эле чектелүү. (UE)

XS
SM
MD
LG