Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:16

Путин Керч кысыгындагы жаңжал үчүн Киевди айыптады


Путин Москвадагы форумда сүйлөп жаткан кези. 28-ноябрь, 2018-жыл.
Путин Москвадагы форумда сүйлөп жаткан кези. 28-ноябрь, 2018-жыл.

Орусиянын президенти Владимир Путин бүгүнкү сөзүндө деңиздеги карама-каршылык үчүн расмий Киевди күнөөлөп, "муну менен украин президенти Петро Порошенко шайлоо алдында беделин чыңдоо максатын көздөдү" деп эсептей тургандыгын билдирди:

- Бул, албетте, чагым. Кызматтагы өкмөт, менимче азыркы президент тарабынан да келерки жылдын мартындагы шайлоонун алдында уюштурулган чагым. Кызматтагы президенттин рейтинги, менимче, бешинчи тепкичте. Ал түгүл экинчи айлампага кирбей калышы мүмкүн. Андыктан бир нерсе кылышы керек, - деди Путин Москвадагы инвестициялык форумда сүйлөгөндө.

Ал арада Украинада бүгүн Украинанын Орусия менен деңизден жана кургактан, ага катар Молдованын Орусия колдогон Приднестровьеге чектеш он аймагында жарыяланган аскердик абал бүгүнтөн баштап расмий күчүнө кирди.

Ошондой эле президенттик шайлоо 2019-жылдын 31-мартына расмий белгиленди.

Киев 25-ноябрда Керч кысыгында, Кара жана Азов деңиздери кесилишкен аймакта болгон окуяны “агрессия” деп баалаган. Орусия анда Украинанын үч кемесин, 23 морягын кармап кетип, алардын 12син кечээ эки айга камаган. (UE)

XS
SM
MD
LG