Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Март, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:16

Грузия: экзит-полл шайлоодо Зурабишвили жеңгенин көргөзүүдө

Саломе Зурабишвилинин жактоочулары экзит-поллдун алгачкы жыйынтыктары жарыяланган  учурда. Тбилиси, 28-ноябрь, 2018-жыл.
Саломе Зурабишвилинин жактоочулары экзит-поллдун алгачкы жыйынтыктары жарыяланган учурда. Тбилиси, 28-ноябрь, 2018-жыл.

"Gallup" уюмунун сурамжылоосуна караганда, президенттик шайлоонун 28-ноябрдагы экинчи айлампасында мурдагы премьер-министр Бидзина Иванишвилинин бийликтеги “Грузин кыялы” партиясы колдогон талапкер Саломе Зурабишвили добуштардын 58%, мурдагы президент Михаил Саакашвилинин оппозициядагы Бириккен улуттук кыймыл партиясынын талапкери Григол Вашадзе 42% алды. 

Ал эми америкалык "Edison Research" уюмунун сурамжылоосу Зурабишвили 55%, Вашадзе 45% алганын көргөздү.

66 жаштагы Зурабишвили, 60 жаштагы Вашадзе да мурдагы президент Михаил Саакашвилинин учурунда тышкы иштер министринин кызматын аркалашкан.

Шайлоонун биринчи айлампасы 28-октябрда өтүп, ага добуш берүүгө укуктуулардын 46,8% келген. Грузияда шайлоочулардын саны 3,5 миллиондун тегерегинде.

28-ноябрдагы добуш берүү Грузиянын жарандары президентти түз шайлаган акыркы саясий өнөктүк болду. Конституциянын жаңы редакциясына ылайык, мындан кийин президентти өлкөнүн парламенти жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен шайлоочулардын 300 адамдан турган жамааты шайлашы керек. Грузияда президенттин бийлик укуктары азыр эле чектелүү. (UE)

 

XS
SM
MD
LG