Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:29

Свердлов районунун салыкчыларына кылмыш иши козголду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаардык прокуратурасы Мамлекеттик салык кызматынын Бишкек шаарынын Свердлов райондук бөлүмүнүн кызматкерлерине карата Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) жана 315-беренеси (“Кызматтык жасалмалоо”) менен кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу Башкы прокуратура кабарлады.

Буга аталган бөлүмдүн кызматкерлери материалдык пайда табыш үчүн салык мыйзамдарын бузганы себеп болгон. Тагыраагы - алар биринчи топтогу майып жарандын макулдугун албастан, анын кол тамгасын жасалмалап ага патент беришкен, дагы бир жаранга ЕАЭБдин курамындагы өлкөлөрдөн товар ташууга уруксат берген тастыктама жасашкан. Кийинки жаран ушул документтерди пайдалануу аркылуу биримдикке кирген мамлекеттерден Кыргызстанга расмий түрдө товар ташып келип турган.

Мамлекеттик салык кызматынын текшерүүсүнүн жыйынтыгына ылайык, мыйзамсыз берилген патенттин негизинде 2018-жылдын январь айында Кыргызстанга 119 млн. 228 миң сомдук товар ташылып келген. Ага 14 миллион 307 миң сом өлчөмүндө салык төлөнгөн эмес. Мунун натыйжасында мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирилген.

Тергөөнү уюштуруш үчүн кылмыш иши тиешелүү органдарга жөнөтүлдү. (ErN)

XS
SM
MD
LG