Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:10

Бишкекте Кытайдагы кыргыздардын абалы талкууланат

Шинжаң.
Шинжаң.

29-ноябрдагы жыйынды "Кытайлык кыргыздарды колдоо комитети" уюштуруп жатат. Комитет өкүлү Марат Тагаев талкууга Кытайдагы кыргыздар жөнүндө маалыматтарга кайдыгер эмес жарандар, кытайлык кыргыздар чакырылганын билдирди.

Буга чейин Кыргызстандагы кытайлык кайрылмандар ал жактагы тууган-уругунун дайын-дарегин билүүгө көмөктөшүүнү кыргыз бийлигинен өтүнүшкөн. Жакындары түрмөдө экенин айткан он чакты киши 26-ноябрда президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жазган.

27-ноябрда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Кытайдагы кыргыз улутундагы жарандардын камалышы боюнча маалыматтарды текшерип жатканын билдирген.

Казакстандагы кайрылмандар менен иштеген "Ата Журттун ыктыярдуу жаштары" уюмунун кабары боюнча, Кытайда кыргыз улутундагы 50 миңдей жаран камакта отурганы тууралуу маалымат бар.

Бишкектеги жыйын "Достук" мейманканасында, саат 15:00дө башталат. (ErN)

XS
SM
MD
LG