Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:35

Аба ырайы туруксуз болот


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

30-ноябрда күндүз жана 1-декабрда туруксуз аба ырайы күтүлөт. 30-ноябрда күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош облусунун кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Жолдор тайгак болот.

30-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын жаабайт. Тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с жетет. Күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Ош облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 18-23 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1…+4, күндүз 9…14 кечке жуук 0…5;

Таласта түнкүсүн -2…+3, күндүз 7…12;

Баткен облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз 9…14;

Ош жана Жалал-Абадда түнкүсүн -1…+4, күндүз 8…13;

Ысык-Көлдө түнкүсүн 1…-6, күндүз 2…7;

Нарын облусунда түнкүсүн -7…-12, күндүз 0…5 градус болот.

Бишкекте 30-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөй. Күндүз жаан, кар жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 0…2°, күндүз 11…13° болот. Кечке жакын +2 градуска чейин төмөндөшү күтүлөт.

XS
SM
MD
LG