Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:46

Трамп Манафортко ырайым берүүнү четке какпайт


Дональд Трамп, шайлоо штабынын жетекчиси Пол Манафорт жана Иванка Трамп шайлоо өнөктүгүндө. 21-июль, 2016-жыл.
Дональд Трамп, шайлоо штабынын жетекчиси Пол Манафорт жана Иванка Трамп шайлоо өнөктүгүндө. 21-июль, 2016-жыл.

АКШнын президенти Дональд Трамп шаршембиде билдиргендей, ал шайлоо штабынын мурунку жетекчиси Пол Манафортко ырайым берүү мүмкүнчүлүгүн четке какпайт. Манафортко бир катар кылмыштар, анын ичинде арам акчаны адалдаштыруу жана мыйзамсыз негизде бирөөнүн кызыкчылыгын коргоо боюнча кине коюлган.

Трамп "The New York Post" басылмасы менен болгон маегинде Манафортко ырайым берүү тууралуу маселе талкууланбаганын, бирок андай мүмкүнчүлүк бар экенин жокко чыгарбай тургандыгын айткан.

Жакында АКШда прокурор Роберт Мюллер Манафортту "тергөө менен кызматташуу боюнча макулдашууну бузган жана калп айткан" деп айыптады.

Ушул тапта Мюллер Трамптын 2016-жылдагы шайлоо штабынын Орусия менен болжолдуу байланыштары боюнча баштаган иликтөөлөрүн улантууда.

Быйыл сентябрдан бери абакта отурган Манафорт АКШга каршы жана сот адилеттигине жолтоо кылыш үчүн кутумга барганын моюнга алган. АКШнын мыйзамы боюнча ал бул күнөөсү үчүн беш жылга, ал эми “салыктан качкан” деген айып менен дагы 10 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Манафорт 2016-жылдын орто ченинде президент Дональд Трамптын шайлоо штабынын башчысы болуп бир аз иштеген.

XS
SM
MD
LG