Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:42

Акыйкатчы Кытайдагы кыргыздардан кабар алууга аракет кылат


Кыргызстандын акыйкатчысы Токон Мамытов.
Кыргызстандын акыйкатчысы Токон Мамытов.

Кыргызстандын акыйкатчысы Токон Мамытов Кытайдагы кыргыздардын абалын талкуулаган жыйынга катышып, маселени жеринен иликтеп келиш үчүн Кытайга барып келүүга аракет кылууга убада берди.

Мамытов бүгүнкү айтылган маалыматтарды кагаз түрүндө жазып келип кайрылууга чакырып, ошого карата алар жөнүндө кабар алууга жардам берерин билдирди.

- Эртеңден баштап Кытайда дайыны чыкпай жаткандардын жакындарын кабыл алам. Кытайга барып келүүгө аракет кылам, - деди Мамытов.

Акыйкатчы ошондой эле фактыларды абайлап сүйлөөгө чакырды. Ал "эки өлкө ортосундагы ынтымакка от коюп алышыбыз мүмкүн" деп эскертти. Мамытов Кытайга барганда атайын лагерлерге алып барууну Кытай бийлигинен суранарын кошумчалады.

Буга чейин Кыргызстандагы кытайлык кайрылмандар ал жактагы тууган-уругунун дайын-дарегин билүүгө көмөктөшүүнү кыргыз бийлигинен өтүнүшкөн. Жакындары түрмөдө экенин айткан он чакты киши 26-ноябрда президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жазган.

27-ноябрда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Кытайдагы кыргыз улутундагы жарандардын камалышы боюнча маалыматтарды текшерип жатканын билдирген.

Казакстандагы кайрылмандар менен иштеген "Ата Журттун ыктыярдуу жаштары" уюмунун кабары боюнча, Кытайда кыргыз улутундагы 50 миңдей жаран камакта отурганы тууралуу маалымат бар. (TSh)

XS
SM
MD
LG