Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:49

Бурулайдын иши: "Сүйүүнүн күчү керемет" деген сөздөргө жабырлануучу тарап ыза болду (видео)


Шектүү Марс Бөдөшев.
Шектүү Марс Бөдөшев.

Бурулай Турдаалы кызынын өлүмүнө байланыштуу Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда өтүп жаткан соттук отурумда шектүү Марс Бөдөшевдин жактоочулары "Марс Бурулайды катуу сүйгөн" деген ойду айтып, "сүйүүнүн күчү керемет" дегени жабырлануучу тараптын кыжырын келтирди.

Марс Бөдөшевдин жактоочулары отурумга бычакты алып келүүнү өтүнүштү. Жактоочу Жуматай Абдрахманов "бычак кайдан келгени белгисиз, аны Марс байпагына салып киргени аныкталган жок" деп жүйө келтирди. Анын айтымында, бычактын өлчөмү тууралуу эки башка божомолдор айтылып жатат. Биринде анын узундугу 12 сантиметр, биринде 30 сантиметр экени айтылган. Бирок жактоочунун өтүнүчүн сот канааттандырган жок.

Жактоочулар ошондой эле психологиялык экспертизаны дайындоону суранышты.

Турдаалы Кожоналиевдин жактоочулары экинчи тараптын өтүнүчтөрүн ишти созуу аракети деп эсептей тургандыгын айтышты.

Кийинки соттук отурум 10-декабрда өтөт. Анда жарыш сөзгө кезек берилип, өкүм чыгышы да ыктымал.

Сот иши Бишкектин Свердлов райондук сотунда каралып жатат. Ушул кезге чейин бир нече отурум болуп, чакырылган 32 күбөнүн 20га жакыны суралып бүткөн. Сотто 22-ноябрда милиция кызматкерлери сурак берген. Отурум өзү сентябрда башталган.

Бурулай Турдаалы кызы быйыл 27-майда Жайыл райондук ички иштер бөлүмүндө өлтүрүлгөн. Чүй облустук ички иштер башкармалыгы аны ала качып бараткан жигит кармалгандан кийин милиция бөлүмүндө кызды бычактап, өзүнө да кол салганын билдирген.

Шектүү катары кармалган Марс Бөдөшевге Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси ("Киши өлтүрүү") менен иш козголгон. Кийинчерээк Бөдөшевдин досу Акмат Сейитов да кармалган. (AiA)

XS
SM
MD
LG