Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:43

Астанада Сирия сүйлөшүүсүнөн майнап чыккан жок


Астана сүйлөшүүсүнө катышкан БУУнун чабарманы Стеффан де Мистура. 29-ноябрь, 2018-жыл.
Астана сүйлөшүүсүнө катышкан БУУнун чабарманы Стеффан де Мистура. 29-ноябрь, 2018-жыл.

Сирия жаңжалын жөнгө салуу боюнча Орусиянын, Түркиянын жана Ирандын ​Астанадагы сүйлөшүүсүнөн эч кандай майнап чыккан жок. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Сирия боюнча атайын чабарманы Стеффан де Мистура "Reuters" агенттигине бейшембиде билдирди.

Дипломат сүйлөшүүдө тараптар Сирияда Конституциялык комитет түзүү боюнча бир келишимге келе албаганына өкүнүчүн билдирди. Бул комитет Мистура менен бирге Сириянын жаңы Конституциясынын долбоорун түзмөк. Ал кеңешмеге өкмөт менен оппозициядан 150 адам кирмек. Комитет түзүлгөндөн кийин БУУнун демилгеси менен уюштурулган Женева сүйлөшүүлөрү кайра жанданмак.

Астана сүйлөшүүлөрү былтыр жыл башында Орусиянын демилгеси менен башталган. АКШ бул "майнапсыз сүйлөшүүлөр" үчүн Москва менен Дамаскты сындап келген.

Орусия, Иран, Түркия демөөрчү болгон Астана сүйлөшүүлөрү 2017-жылдан бери бир нече айлампа менен өттү.

XS
SM
MD
LG