Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:53

Польша: көмүр казууну күчөтүүгө каршылар чогулду


Белхатува заводунан чыккан кара түтүн. 28-ноябрь, 2018-жыл.
Белхатува заводунан чыккан кара түтүн. 28-ноябрь, 2018-жыл.

Польшада бир катар мамлекеттерден келген эл аралык "Greenpeace" кыймылынын активисттери Белхатува карьерине жакын жердеги заводдун бийиктиги 180 метрге жеткен түтүктөрүнүн үстүнө чыгып, нааразылык акциясын өткөрүштү.

Алар Польша өкмөтүнүн энергетикалык саясатына каршылыгын билдиришти. Министрлер кабинети жакында эле көмүр казуу тармагын кеңейтип, анын ичинде күрөң көмүрдү колдонууну жайылтарын жарыялаган. Бийлик 2030-жылга чейин Польшада өндүрүлгөн энергиянын 60% күрөң көмүрдөн алууну, ал эми кайра калыбына келчү энергия булактарын азайтууну сунуш кылган.

Польшада Белхатува электр станцияcы дүйнөдөгү абаны көп булгоочу ири ишканалардын бири болуп саналат. Польшанын Катовице шаарында 2-14 декабрда дүйнөлүк климаттын өзгөрүшүнө каршы эл аралык жыйын өтөөрү кабарланды.

Көмүрдү эң көп колдонгон дүйнөдөгү он өлкөнүн тизмесинде Кытай, АКШ, Индия, Жапония, Орусия, Түштүк Африка, Түштүк Корея, Германия, Польша, Индонезия турат.

XS
SM
MD
LG