Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:25

Прокурордун өлүмү боюнча жаңы жагдайлар ачыкка чыкты


ИИМдин Тергөө кызматынын төрагасынын орун басары Нурлан Утемисов.
ИИМдин Тергөө кызматынын төрагасынын орун басары Нурлан Утемисов.

Баткен облусунун киши колдуу болгон прокурору Анарбай Мамажакыповдун өлүмүнө байланыштуу жаңы жагдайлар ачыкка чыкты. 18-ноябрь күнү прокурордун өлүмү менен аяктаган аңчылыкта прокурорлордон сырткары Эрнис Базарбек уулу аттуу киши да болгон. Бул тууралуу ИИМдин Тергөө кызматынын төрагасынын орун басары Нурлан Утемисов басма сөз жыйынында кабарлады.

- "Столичный" арак-шарап заводунун Баткен облусу боюнча филиалы бар экен. Эрнис Базарбек уулу ошол ЖЧКнын төрагасы экен. Ал прокурорлор менен чогуу эс алууда болгон. Биринчи басма сөз жыйынында ал айтылбай калган. Бирок тергөө амалдары учурунда ал да суралды. Кыймыл-аракеттери аныкталды. Ал чын эле прокурорлорго арак алып келген.

Баткен облусунун мурдагы прокурору, 43 жаштагы Анарбай Мамажакыпов киши колдуу болуп, сөөгү 18-ноябрда Баткендеги тоо арасынан табылган. Окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Киши өлтүрүү” беренеси менен иш козголуп, тергөө иштери уланууда. (KR)

XS
SM
MD
LG