Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:58

Трамп Аргентинада Путин менен жолукпай турган болду


АКШнын президенти Дональд Трамп жана Орусиянын президенти Владимир Путин Хельсинкидеги жолугушууда, 16-июль, 2018-жыл.
АКШнын президенти Дональд Трамп жана Орусиянын президенти Владимир Путин Хельсинкидеги жолугушууда, 16-июль, 2018-жыл.

АКШ президенти Дональд Трамп "Твиттер" баракчасына Орусиянын президенти Владимир Путин менен Аргентинада өтчү "Чоң жыйырманын" жыйыны маалында пландалган жолугушуусу болбой турганын жазды.

Украинанын кемелери жана деңиз аскерлери өз мекенине коё берилбегендиктен президент Владимир Путин менен буга чейин белгиленген жолугушуума кызыкдар тараптар аны токтотсо туура болот” – деп жазды.

Орусиянын президенти Дмитрий Песков орус медиасына Путин менен Трамптын Аргентинадагы пландалган жолугушуусу болбой калганы тууралуу маалымат Кремлге келе электигин айтты. Ал ошондой эле Путин "Чоң жыйырманын" жыйынына катышарын бышыктады.

25-ноябрда Москва украиналык кемелер Орусиянын аймагын бузуп киргендиктен Кара деңизде кармалганын, ал үчүн курал колдонулганын ырастаган.

Киев Керч кысыгында, Кара жана Азов деңиздери кесилишкен аймакта болгон окуяны “агрессия” деп баалаган. Орусия анда Украинанын үч кемесин, 24 деңиз аскерин кармап кеткен.

XS
SM
MD
LG