Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:36

Айтматов сыйлыгы быйыл Олжас Сулейменовго ыйгарылды


Асел Кодуранова Чыңгыз Айтматов сыйлыгын Олжас Сулейменовго тапшырып жатат. Санкт-Петербург.
Асел Кодуранова Чыңгыз Айтматов сыйлыгын Олжас Сулейменовго тапшырып жатат. Санкт-Петербург.

Санкт-Петербург шаарында өтүп жаткан КМШ өлкөлөрүнүн парламент аралык ассамблеясынын 48-пленардык жыйынында Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлык Казак эл акыны, жазуучу Олжас Сулейменовго ыйгарылды. Бул тууралуу Жогорку Кеңеш билдирди.

Сулейменовдун талапкерлигин уюмдун курамы толугу менен колдоп берген. Сыйлыкты Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Асел Кодуранова салтанаттуу тапшырды.

Олжас Сулейменов кыргыз парламентине ыраазычылык билдирип, Жогорку Кеңештин мындан аркы иштерине ийгилик каалады.

"Чыңгыз Айтматов менин устатым жана досум эле. Ал бир гана жазуучу эмес, көрөгөч, даанышман болчу. Ушундай улуу адамдын атындагы сыйлыкка ээ болуу мен үчүн чоң сыймык", - деди казак жазуучусу сыйлык алуу аземинде.

КМШнын парламент аралык ассамблеясынын Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыгы 2012-жылы кыргыз тараптын демилгеси менен негизделген. Ал адабиятка жана маданиятка кошкон салымы үчүн КМШдагы маданий ишмерлерге берилип келет. Сыйлыкка кошумча катары Жогорку Кеңештин бюджетинен 30 миң доллар сыйлык тапшырылат. Кыргызстандан бул сыйлыкка 2016-жылы Эл акыны Шайлообек Дүйшеев ээ болгон.

2017-жылы Жогорку Кеңештин эсебинен бөлүнгөн 30 миң доллардын уурдалганы ачыкка чыккан. Каражатты Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча бөлүмүнүн башчысы Арсен Закиров колуна алганы белгилүү болгон. Акча кымырылып кеткен учурда комитетти депутат Аскарбек Шадиев жетектеп, акчаны алууну сураган кызматтык катка кол койгону аныкталган. Кылмыш иши козголуп, Закиров камакка алынган, Шадиев АКШга чыгып кеткен. Аскарбек Шадиевдин депутаттык мандаты да алынды. (ErN)

XS
SM
MD
LG