Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Март, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:49

Жээнбековго милиция тууралуу даттанган адамдын арызы боюнча тергөө башталды

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Президент Сооронбай Жээнбековго ички иштер органдарынын кызматкерлерине карата чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган Бактияр Самыйбек уулунун арызы боюнча кылмыш иши кайра иликтене баштады. Бул тууралуу президенттик аппарат билдирди.

Самыйбек уулу ушул жылдын май айында мамлекет башчыга кат жолдогон. Ал 6-майда Бишкек шаарынын Ленин районунда №1 ички иштер бөлүмүндө милиция кызматкерлери ага карата күч колдонуп, уюлдук телефонун сындырып салышканына даттанган.

Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын тапшырмасы менен факт боюнча ИИМдин ички иликтөө кызматы иликтөө жүргүзгөн. Анын жыйынтыгы менен материалдарга юридикалык баа берүү үчүн иш Бишкек шаарынын Ленин райондук прокуратурасына жөнөтүлгөн. Прокуратура эки берене менен кылмыш ишин козгоп, аны иликтөө УКМКнын башкы тергөө  башкармалыгына тапшырылган.

Ортодо токтоп калган кылмыш иши боюнча иликтөө кайрадан уланып, материалдар кошумча текшерүүгө жөнөтүлдү. Жакынкы аралыкта шектүүлөргө айып тагылып, иш сотко өткөрүлөт. Иликтөөнүн жана мындан аркы соттук териштирүүнүн жүрүшү Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын көзөмөлүндө болот.

Президенттик аппараттын билдирүүсүндө иш эмне үчүн токтоп калганы белгиленген эмес. (ErN)

XS
SM
MD
LG