Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:23

Америкалык спорт журналы көк бөрү тууралуу тасма тартты


Тасмадагы кадр
Тасмадагы кадр

Америка Кошмо Штаттарындагы эң атактуу "Sports Illustrated" спорт журналы Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюну тууралуу даректүү тасмасын америкалык көрүүчүлөргө сунуш кылды.

Тасмада спорттун бардык түрлөрү оболу этноспорт болуп жаралгандыгы, кийин гана дүйнөгө кеңири жайылып, башка элдерден колдоо тапканы айтылып, Көчмөндөр оюну Дүйнөлүк Олимп оюндарына альтернатива катары платформа болуп түзүлгөнү көрсөтүлгөн.

"Унутулган оюндар" деп аталган 17 мүнөттүк тасманын өзөктүү бөлүгү Орто Азиядагы элдердин көк бөрү оюнуна арналган. Анда Көчмөндөр оюнуна экинчи ирет катышып жаткан америкалык команданын оюнчуларынын оюндан калган таасири менен бөлүшүп, америкалык көрүүчүлөрго оюндун эрежелери түшүндүрүлгөн. Тасманын экинчи бөлүгүндө алгыр куштар менен аңчылыкка чыккан тайган иттери жөнүндө баяндалып, кыргыздын табият менен таттуу мамиледе жашоо философиясы сүрөттөлгөн.

"Sports Illustrated" спорт журналы АКШнын эң популярдуу спорт басылмасы болуп саналат. Жума сайын журналды 23 миллиондой окурман окуйт. (KR)

XS
SM
MD
LG