Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Февраль, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 07:59

Европа Биримдиги визалык талаптарын жеңилдетүү жолун караштырууда


Европа Биримдигинин Борбор Азия өлкөлөрү боюнча атайын өкүлү Петер Буриан

Европа Биримдиги 2019-жылы Виза режимин кайра карап чыгууну көздөп жатат. Ага ылайык, виза алуу жеңилдеши ыктымал. Бул тууралуу Европа Биримдигинин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Петер Буриан 30-ноябрда Бишкекте журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

“Европа Биримдиги айрым бюрократиялык процесстерди жоюп, жеңилдете турган жаңы виза режимин даярдап жатат”, - деди Буриан.

Ошону менен катар Буриан ​Европа Биримдиги мигранттарга муктаж экенин кошумчалады.

"Биз дагы билимдүү, жаш адамдарга муктажбыз. Бирок мыкты даярдалган кадрлардын бардыгы Европага көчүп кетип, Кыргызстан андан жабыркабашы керек".

Буга чейин Кыргызстан менен Европа Биримдигинин тереңдетилген кызматташтык боюнча жаңы келишиминин 90 пайызы даярдалганын Бишкекте журналисттер менен жолугушууда билдирген. (КЕ)

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG