Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:45

Дүйнөлүк саундтректтер кыргыз сахнасында


Дүйнөлүк саундтректтер кыргыз сахнасында
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:22 0:00

Кыргыз Улуттук филармониясынын камералык оркестри музыка сүйүүчүлөргө атактуу кинофильмдердин музыкаларынан турган концерт тартуулады. Залда Голливудда жаралган “Терминатор”, “Гладиатор”, “Шерлок Холмс”, “Форрест Гамп”, “Гарри Потер”, “Кариб деңизинин каракчылары” сыяктуу көркөм тасмаларды жана балдардын жан дүйнөсүн багындырган мультфильмдерди коштогон түрдүү саундтректери жаңырып, аны угуу үчүн карылар да, жаштар да көп чогулду. Филармонияда 2008-жылдан бери жылына бир жолу өткөрүлүп келе жаткан бул концерт Кыргызстандын маданий турмушундагы өзгөчө жаңылык катары кабылданууда.

XS
SM
MD
LG