Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:28

АКШ Сенаты Керч жаңжалы үчүн Орусияны айыптаган резолюция кабыл алды


Украинанын Орусия Керч портуна жеткирген кемелери. 26-ноябрь, 2018-жыл.
Украинанын Орусия Керч портуна жеткирген кемелери. 26-ноябрь, 2018-жыл.

АКШ Сенаты бейшемби күнү кабыл алган резолюцияда Украинанын үч кемесин жана 24 деңиз аскерин кармап кеткенине байланыштуу Орусияны "чагымчыл аракеттерге барды” деп айыптаган.

Республикачы Рон Жонсон жана демократ Крис Мерфи сунуштаган резолюцияны сенаторлор бир добуштан колдоду.

Жонсондун айтымында, орус президенти Владимир Путин "Батышты сынап жатат". Ал сенаторлордун резолюцияны бир добуштан колдогону “биз украин элин, украин өкмөтүн жана Украинанын аймактык бүтүндүгүн колдорубузду көрсөтөт” деди.

25-ноябрда Орусия Азов деңизи менен Кара деңизди байланыштырган Керч кысыгындагы жаңжалда чек араны бузуп кирди деп, Украинанын үч кемесин жана 24 деңиз аскерин кармап кеткен. Алар эки айга камалып, Москванын "Лефортово" түрмөсүнө жеткирилди.

Деңиздеги окуяны Киев “агрессия”, ал эми Москва “чагым” деп баалаган.

Украина ушундан кийин аскердик абал жарыялаган. Президент Петро Порошенконун 30-ноябрда “Твиттерге” жазганына караганда, аскердик абал учурунда Орусиянын 16 жаштан 60 жашка чейинки эркек жарандарына өлкөгө кирүүгө тыюу салынды. Бул чектөө украин жергесинде жеке “жалданма аскерлерди” түзүүнү токтотуу максатында киргизилген.

XS
SM
MD
LG