Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Март, 2021 жума, Бишкек убактысы 13:56

БУУ: Ооганстанда аба чабуулунан карапайым адамдар каза тапты


Ооганстан.

Бириккен Улуттар Уюмунун Ооганстанга колдоо көрсөтүү миссиясынын маалыматына караганда, ушул аптада өлкөнүн түштүгүндөгү аба чабуулдарынан эң аз дегенде 23 жайкын тургун каза тапты.

27-ноябрда ооган аскерлери менен америкалык кеңешчилер Гилменд провинциясынын Гармсир аймагында “Талибандын” жоочуларынын чабуулуна кабылып, НАТОнун “Чечкиндүү колдоо” миссиясынан абадан чабуул жасоону сураган. Бирок алардын аймакта карапайым тургундар да бар экени тууралуу маалыматы болгон эмес.

Жергиликтүү бийликтин кабарлашынча, аймактагы үйлөрдүн бирине жасалган чабуулдан кеминде 30дай киши өлгөн.

Гилменд провинциясынын губернатору Мухаммад Ясин Хан ооган аскерлери “Талибан” согушкерлеринин чебине абадан сокку урууну сураганын ырастап, курман болгондордун арасында жоочулар да бар экенин айтты.

Бирок БУУнун 29-ноябрдагы баяндамасында каза тапкандардын көбү аялдар менен балдар экени айтылат.

XS
SM
MD
LG