Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:51

Кытайга мыйзамсыз сурма саткан ишканага кылмыш иши козголду


Сурма кени. Терек-Сай.
Сурма кени. Терек-Сай.

Бул тууралуу кыргыз өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматынан “Азаттыкка” кабарлашты.

Ага ылайык, аталган кызматтын Ош облусундагы Кара-Суу, Алай жана Чоң-Алай райондору боюнча бөлүмү “У.Т и К.” деп аталган фирма Кытайда жайгашкан “Б” аттуу ишканага 2017-жылдан быйыл июль айына чейин курамында сурма бар 1764 тонна тоо-тек жана кошулманы мыйзамсыз сатканын аныктаган.

Мындан 6 миллион сомдон ашык пайда көргөн, бирок салык документтеринде өтө аз суммадагы акча жазылган. Ошондой эле "тергеп-иликтөөдө бул фирма Алай районунда гана кен казууга уруксат алганы, түстүү металлды үчүнчү өлкөгө сатууга лицензиясы жок болгону ачыкка чыкты" деп айтылат маалыматта.

Кыргызстанда Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда мыйзамсыз сурма казган фактылар бар. Мунун айынан жаңжал чыккан жана адам өлүмү менен коштолгон окуялар да орун алган. (EBM)

XS
SM
MD
LG