Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:56

Жалал-Абадда медреседе окуган кыздар жармаңкеге чыгышты


Жалал-Абад шаарында медреседе окуган кыздардын кол өнөрчүлүгүнө арналган жармаңке жана Көркөм сүрөт мектебинин окуучуларынын сүрөт көргөзмөсү өтүп жатат. Бул тууралуу иш-чаранын уюштуруучусу, “Youth of Osh” коомдук бирикмесинин Жалал-Абаддагы өкүлү Жанара Рыскулова “Азаттыкка” билдирди.

1-декабрда "Мир" кинотеатрынын алдындагы аянтта уюштурулган иш-чара “Сен, Ты, You” долбоорунун алкагында, жаштар арасындагы радикализм жана экстремизмди алдын алуу, улуулар менен жаштардын ортосундагы тоскоолдукту жоюу максатында өтүүдө.

Буга чейин шаардагы медресенин кыздары менен Жалил Садыков атындагы көркөм сүрөт мектебинин окуучуларына биргеликте тренингдер өткөзүлгөн. Анын катышуучулары “Жашоо эң сонун - дүйнөгө ачыл” деген темада сүрөт тартып, кол өнөрчүлүктү көргөзүп жатышат. (RsK)

XS
SM
MD
LG