Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:14

Аба ырайы: кар жаабайт, туман каптайт


2-декабрда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда кар жаашы мүмкүн. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Жолдорго муз тоңуп, тоолуу райондордо кар күрткүсү болот. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү ыктымал. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундысына 3-8, Ысык-Көл ойдуңунда 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй, Талас облустарында түнкүсүн -10...-15, күндүз 0...-5,

Баткен, Жалал-Абад, Ош дубандарында түнкүсүн -1...-6, күндүз 2...7,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -5...-10, күндүз -2...+3,

Нарын жергесинде түнкүсүн -11...-16, күндүз -2...-7,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -18...-23, күндүз -5...-10 градус.

Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Жолдорго муз тоңот. Туман түшүшү мүмкүн. Түнкүсүн -10…-12°, күндүз 0…-2 градус.

XS
SM
MD
LG