Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:49

Түркияда кыргызстандык келин уурулукка шектелип кармалды


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Түркияда кыргызстандык келин уурулукка шектелип кармалды.
Бул тууралуу "Ihlas" агенттиги маалымдады.

Кабарда айтылгандай, Стамбул шаарынын тургуну 27-ноябрда үйүндө иштеген кыргызстандык жардамчысы акчасын жана зер буюмдарын уурдаганын полицияга билдирген.

Стамбул шаарынын Зейтинбурну аймактык полициясы шектүүнү 1-декабрда кармаган.

Кылмышка шектелген 33 жаштагы келинден 16 миң лира, эки миң доллар жана зер буюмдар табылган. Учурда ал тергөө абагында.

Окуя боюнча Кыргызстандын Стамбул шаарындагы башкы консулдугу тактоо иштерин жүргүзүүдө.

Кыргызстандын Анкарадагы элчилигинин маалыматына караганда, Түркиянын абактарында ушу тапта төрт кыргызстандык отурат. (ElB)

XS
SM
MD
LG