Өзбекстанда 2019-жылдын 1-январынан тарта чет өлкөгө чыгууга уруксат берген виза жоюлат. Kun.uz сайты Ички иштер министрлигинин маалыматына таянып билдиргендей, кийинки жылдан тарта эл аралык паспорт бериле баштайт. Ал документ он жылдык мөөнөткө жарайт. Президенттин жарлыгында паспорт алуу жараяны 10 күн ичинде бүтүшү керектиги белгиленет.
Учурда Өзбекстанда жарандарга биометрикалык ички паспорттор берилет. Буга чейин башка мамлекетке барчу кишилер "өлкөдөн чыгуу визасын" алып, паспорттун бир барагына атайын стикер жабыштырылчу.
- Жарандар азыркы паспорт менен 2021-жылга чейин чыгуу визасы талап кылынбаган мамлекеттерге барса да болот,- деп билдирди ИИМ өкүлү Бахадыр Усманов.
Адам укуктарын коргоочулар Өзбекстанда совет доорунан бери келаткан бул эрежени сындап, элдин эркиндигин чектөө деп баалап келишет. Бул айрыкча, өкмөттү сындаган кишилердин башка мамлекеттерге ээн-эркин барып-келүүсүнө түйшүк жараткан.
Учурда көп мамлекеттерде, анын ичинде Кыргызстанда да жарандарга ички жана эл аралык жалпы жарандык паспорт берилет.