Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Май, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:14

Жугуштуу оорулар менен кайрылгандар эки эсе көбөйдү

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте акыркы күндөрү сасык тумоо менен клиникалык жугуштуу оорулардын бейтапканасына кайрылгандар эки эсе көбөйдү. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган оорукананын директору Гүлжигит Алиев 2-декабрда билдирди.

Анын айтымында, бейтаптарды текшерүү үчүн мурда нөөмөткө экиден дарыгер турса, азыр төрт адис элди кабыл алууда. Кезек күткөн жарандар тартылган видеолор социалдык тармактарга да тарады.

- Ооба, ушундай кезек күтүүлөр болуп жатат. Азыр сасык тумоо көп, мурда биздин ооруканага күнүнө 200-250 киши кайрылса, азыр 350, кээде 400гө чейин жетет. Ошентсе да алардын баарын догдурлар кабыл алып, керектүү дарыларын жазып берип, зарыл болсо жаткырып жатабыз, - деди Алиев. (BCh)

XS
SM
MD
LG