Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Март, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 11:08

АКШ менен Кытайдын "соода согушунда" жарашуу жарыяланды


Буэнос-Айрестеги "Чоң жыйырманын" саммитинин аягында АКШ президенти менен Кытайдын төрагасы Си Цзинпин эки өлкө ортосундагы "соода согушундагы" жарашуу тууралуу жарыялашты. Эки лидер тең жеке жолугушууну "эң жогорку даражада ийгиликтүү" болгонун билдиришти.

Дональд Трамп менен Си Цзинпин 1-декабрда саммит аяктаган соң түшкү тамак учурунда жолугушту. Бул кездешүү байкоочулардын көңүлүн бурган окуялардын бири болду.

Америка тарап ишемби күнү тараткан кабарга ылайык, учурда Кытайдын товарларына тарифти көтөрүүдөн карманып турат. Кытай деле жакын арада АКШнын продукцияларын, анын ичинде айыл чарба азыктарын сатып алуу көбөйтүлөрүн кабарлады.

АКШ 2019-жылдын 1-январынан тарта Кытайдын жалпы суммасы 200 миллиард долларлык товарларына тарифти 10 пайыздан 25 пайызга чейин көтөрүүнү пландаган эле.

Ак үйдүн басма сөз катчысы Сара Сандерс тараптар бир катар татаал маселелерди, анын ичинде Америка бизнесинде чоң роль ойногон интеллектуалдык менчикти коргоо маселесин талкуулаганын билдирди.

Кытай менен АКШнын соода тиреши быйыл июлда башталган. Ага чейин бир нече айга созулган сүйлөшүүлөрдө мунаса табылбай койгон.

Дүйнөдөгү экономикасы эң ири эки өлкөнүн ортосундагы эрегиш глобалдык экономиканын өсүш ыргагына өз кесепетин тийгизерин буга чейин эл аралык финансы уюмдары да эскертишкен.

Кытайда экономиканын өсүш ыргагы басаңдаганын, ага Кошмо Штаттар менен болуп жаткан тиреши да таасир эткенин расмий Бээжин моюнга алган.

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG