Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Март, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:54

G20 саммитинин катышуучулары ДСУну реформалоого чакырышты

Аргентинадагы саммиттин катышуучулары.
Аргентинадагы саммиттин катышуучулары.

"Чоң жыйырманын" лидерлери эл аралык соода-сатык учурдун талабына жооп бербей калганын белгилеп, Дүйнөлүк соода уюмун (ДСУ) реформалоо керек деген бүтүмгө келишти. Баяндамада катышуучулардын баары ар тараптуу соода-сатыкты колдой турганы, бирок бул система реформага муктаж экени белгиленген. 

1-декабрда Аргентинанын борбору Буэнос-Айресте аяктаган G20 саммитинде кабыл алынган баяндамада катышуучулар климаттын өзгөрүүсүнө каршы күрөш боюнча Париж келишимин колдой турганы айтылат. Келишимден чыккан АКШ гана бул пикирге кошулган эмес.  

"Чоң жыйырманын" 2019-жылдагы саммити Жапониянын Осака шаарында болот. 

"Чоң жыйырманын" курамына эң өнүккөн, өнүгүп келе жаткан 19 өлкө жана Европа Биримдиги кирет. Аларга дүйнө экономикасынын жалпы өндүрүшүнүн 90% таандык.

XS
SM
MD
LG