Ирандын Революциялык соту журналист аялды 12 жыл, тогуз айга эркинен ажыратканын Ирандын маалымат каражаттары кабарлашты.
Реформачыл журналист Хенгамех Шахиди соттун өкүмүнө арыздана алат. Ага саясий топторго кошулууга, медиа каражаттарына жарыяланууга жана өлкөдөн чыгууга тыюу салынды.
Шахидинин адвокаты Мостафа Турк Хамедани IRNA маалымат агенттигине «сот ишинин купуялуулугуна жана коопсуздук маселесине байланыштуу өкүмдү айта албайм» деп билдирди.
43 жаштагы Шахиди быйыл июль айылында камалган. 2009-жылы президенттик шайлоодон кийинки тополоңдо да кармалган. 2017-жылы бир нече ай камалып чыккан.
Соңку жылдары Иранда журналисттер менен активисттер коопсуздукка байланышкан күмөндүү айыптар менен камалган учурлар арбын.
“Чек арасыз кабарчылар” уюмунун 2018-жылкы баяндамасынын эркиндик индексинде Иран Ислам Республикасы дүйнө өлкөлөрүнүн ичинен 164-орунду ээлеген.