Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:03

Кыргызстанда майып балдардын жөлөкпулу көбөйдү


Бишкекте майып жарандардын укугун коргоого чакырган "Мени ук!" акциясына чыккандар. Алар БУУнун майып жарандардын укугу тууралуу конвенциясын ратификациялоону талап кылган. Сентябрь, 2017-жыл.
Бишкекте майып жарандардын укугун коргоого чакырган "Мени ук!" акциясына чыккандар. Алар БУУнун майып жарандардын укугу тууралуу конвенциясын ратификациялоону талап кылган. Сентябрь, 2017-жыл.

Өткөн аптада майыптар арасында шахмат боюнча мелдеш өтүп, анын жыйынтыгы 30-ноябрда чыкты. Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги билдиргендей, мелдешке 100дөн ашык киши катышты. Жеңүүчүлөрдү сыйлоо учурунда эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров өкмөт мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды социалдык интеграциялоо маселесине өзгөчө көңүл буруп жатканын айтты.

Анын маалыматына караганда, мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга ай сайын төлөнүүчү жөлөкпул 33 пайызга көбөйдү. Мурда аларга 3000 сом жөлөкпул берилсе, эми алар 4000 сомдон ала баштайт. Өткөн аптада мүмкүнчүлүгү чектелген балдарын караган ата-энелерге акы төлөө эрежеси бекитилди. Кочкоровдун айтымында, майыптардын укуктары тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун конвенциясын ратификациялоо боюнча да иш жүрүп жатат.

Мекеменин маалыматы боюнча ушу тапта Кыргызстанда 181 миңден ашуун майып адам каттоого алынган. Анын 29 миңден көбү 18 жашка чейинкилер. Буга чейин өлкөдө 177 миң майып адам бар экени, анын 29 миңи балдар экени айтылып келген.

XS
SM
MD
LG