Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:16

"Жунда" заводунун ишин иликтеген жумушчу топ түзүү сунушталууда


"Жунда" заводу.
"Жунда" заводу.

Парламенттин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү комитети бүгүн, 3-декабрда «Жунда» боюнча жумушчу топ түзүү маселесин талкуулайт. Заводдун ишин иликтөөнү депутаттар Айтмамат Назаров менен Алмазбек Акматов сунуш кылган. Алар “Жунда” ишканасы үчүн химиялык заттарды өлкөгө киргизүүдө жана пайдаланууда мыйзамдардын сакталышы жеринен иликтениши керек экенин айтып жатышат.

Кара-Балта шаарында жайгашкан «Жунда» мунай заводу ноябрдын башында ишин токтотуп, өткөн аптада кайра иштей баштаган. Заводдун ишинин токтошуна соттук териштирүү себеп катары көрсөтүлгөн. Териштирүү уланууда, бирок заводдун жетекчилиги ага карабай ишти улантып турууну чечкен.

6-ноябрда өкмөттүн жыйынында экономика министри Олег Панкратов "Жунда" заводунун өндүрүшү токтотулганын кабарлаган. Ал буга заводдун айланасындагы соттук иштер менен салык төлөө маселесин жүйө келтирген.

"Жунда" заводу жылына 800 миң тонна мунайды кайра иштетүүгө ыңгайлашкан. Анын негиздөөчүсү кытайлык “Чайна Петроль Жунда” компаниясы заводду курууга 300 миллион доллар инвестиция жумшаганы айтылган.

XS
SM
MD
LG