Иш-чара бүгүн, 3-декабрда Бишкектеги Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде өтөт. Окуу жайынын коомчулук менен байланыш бөлүмү билдиргендей, фестиваль залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган.
Аны өткөрүү демилгеси Кыргыз-Түрк “Манас” университети менен Конфуций институтуна таандык. Фестивалга жогорку окуу жайларынын студенттери жана магистранттары катышат.
Анда орус, кыргыз, түрк, англис, кытай тилдеринде Айтматовдун чыгармаларынын алкагында таймаш болот. Жеңүүчүлөрдү тогуз адамдан турган калыстар тобу аныктайт.
Атактуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун көзү тирүү болгондо быйыл 12-декабрда 90 жашка чыкмак. (NT)