Кыргызстандын Аскер прокуратурасы Чүйдөгү колонияда өзүн атканы айтылган кызматкердин өлүмүн иликтөөгө киришти.
Кыйноонун алдын алуу боюнча улуттук борбордун өкүлдөрү окуя болгон №16 түзөтүү колониясына барып келгенин жана иликтөө жүрүп жатканын билдиришти.
21 жаштагы прапорщик 30-ноябрда курал сактоочу кампада табелдик куралы менен өзүн атып өлгөнүн Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы ырастаган. Маалыматка караганда, маркум өзүн атардан мурда туугандарына кат жазып, кечирим сураган жана чогуу иштеген адамдарга ыраазычылык билдирген.
Кызматкердин өз жанын кыйышына бир күн мурда Ысык-Көлдө "сүйлөшкөн кызынын асынып алганы себеп болушу мүмкүн" деген версия каралууда.