Өкмөткө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) коррупцияга каршы күрөшүү боюнча бирдиктүү депозиттик эсепке 11 215 817 сом өлчөмүндө акча которду.
Маалыматка караганда, аталган мекеменин депозиттик эсепке которгон акчасынын жалпы суммасы ушуну менен 237 900 938 сом болду.
Коррупцияга каршы күрөштөн түшкөн акчанын депозиттик эсеби быйыл июлда президент Сооронбай Жээнбековдун буйругу менен Финансы министрлигинин карамагында түзүлгөн.
Башкы прокуратурага, Финансы полициясына, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке жана Ички иштер министрлигине жемкорлордон кайтарылган каражатты ушул эсепке которуу милдети жүктөлгөн. (КЕ)