Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Март, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 18:52

Экс-депутат Аскарбек Шадиевдин соту уланууда


Аскарбек Шадиев.

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Жогорку Кеңештин экс-депутаты Аскарбек Шадиев шектүү катары каралган жараян өтүүдө. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы кабарлады. Жараяндын жүрүшүндө кылмыш ишине байланыштуу күбөлөр суралып жатат. Сотко Шадиев менен бирге айыпталып жаткан Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук бөлүмүнүн мурдагы башчысы Арсен Закиров катышууда.

Башкы прокуратура Жогорку Кеңештин аппаратынын эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук бөлүмүнүн башчысы Арсен Закиров Кылмыш-жаза кодексинин 171-беренеси ("Ишенип берилген мүлктү өзүнө ыйгарып алуу"), 350-беренеси ("Документтерди жасалмалоо") менен кылмыш ишин козгоп, УКМКнын тергөө абагына камаган.

Акча кымырылып кеткен учурда комитетти депутат Аскарбек Шадиев жетектеп, акчаны алууну сураган кызматтык катка кол койгону аныкталган.

Шадиев: 30 миң доллардын уурдалганына өкүнөм
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:54 0:00

28-апрелде Шадиевге карата Кылмыш-жаза кодексинин "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси менен иш козголгон. 1-июнда УКМК Аскарбек Шадиев Тажикстанга өтүп, андан соң Нью-Йоркко (АКШ) учуп кеткенин кабарлаган. Мындан соң Шадиевге карата "Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү" жана "Кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу же адалдоо" беренелери боюнча эки кылмыш иши козголуп, издөө жарыяланган.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 2-ноябрда Шадиевди депутаттык мандаттан ажыраткан. Бирок экс-депутат өзү кийин билдирүү таратып, өз каалоосу менен арыз жазганын четке каккан. (BkA)

Пикирлерди көрүңүз (9)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG