Орусияга иш издеп барган кырк кыргызстандык алданып калганын айтууда. Бул тууралуу "Фейсбуктагы" баракчасына алардын бири видео жайгаштырган. Андагы айтылгандарга караганда, Кыргызстандан Орусияга "жумуш таап берем" деген убада менен бирөөлөр алып барып, Москвадан 300 чакырымдагы Украинага жакын жерде көчөдө калышкан.
Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги бул адамдарды кыргызстандыктардын диаспорасы Москвага алып келип, мейманканага жайгаштырганын кабарлады. Учурда элчиликтин жана диаспоранын жардамы менен алар Орусияда жумушка орношкону белгилүү болду. (BkA)