Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:48

Стамбулда кыргызстандык уурулукка шектелүүдө


Түркия, Стамбул.
Түркия, Стамбул.

Кыргызстандын жараны Стамбулдун Зейтунбурну районунда өзү иштеп жаткан үйдөгү уурулукка байланыштуу шектүү катары кармалды. Бул тууралуу Haberler.com агенттиги жазды.

Маалыматка караганда, кыргызстандык М.И. аттуу аял үй кызматкери болуп иштеп жүрүп үй эээсинин 16 миң лирасын, 2 миң долларын, сумкасын жана саатын уурдап алган. Аталган басылманын жазганына караганда, үйдүн кожоюну ал аялды окуя болгондон 15 күн мурда жалдап алганын полицияга билдирген. Тергөөнүн маалыматы боюнча шектүү үч жылдан бери Түркияда жашап, иштеп жүрөт. Стамбулдун башка районунан кармалган кыргызстандык миң лираны коротуп койгон, калган каражат менен буюмдарды полицияга өткөрүп берди.

Баштапкы маалыматка караганда, үй кызматкери болуп иштеген аял сейфтин кодун жашыруун билип алган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG