Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:01

Жорж Буштун сөөгү Хьюстондон Вашингтонго жеткирилет


Жорж Буш. 6-май, 1992-жыл.
Жорж Буш. 6-май, 1992-жыл.

94 жашында дүйнөдөн кайткан АКШнын мурдагы президенти Жорж Буштун сөөгү Хьюстондон Вашингтонго жеткирилет. 3-декабрдан 5-декабрга чейин анын сөөгү салынган табыт Капитолий имаратына коюлуп, жарандарга мурдагы президент менен коштошууга мүмкүнчүлүк берилет. Мамлекеттик коштошуу зыйнаты шаршемби күнү Вашингтондун кафедралдык соборунда өтөт.

Буштун сөөгү Техаста өзүнүн ысымы ыйгарылган китепкананын аймагында жети ай мурда көз жумган жубайы Барбара Буш менен 1953-жылы үч жашында чарчап калган кызынын кабырларына жанаша көмүлөт.

АКШнын 41-президенти Жорж Буш 30-ноябрда көз жумган. Маркум соңку жылдары Паркинсон илдетинен жабыркап, майыптардын арабасы менен жүргөн.

Анын уулу, кичүү Жорж Буш АКШнын 43-президенти болгон. Дагы бир уулу Жеб Буш Флорида штатынын губернаторунун милдетин аркалаган.

XS
SM
MD
LG