Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:23

Ош облустук милиция кызматкери жол кырсыгынан каза тапты


33 жаштагы милиция кызматкери Максатбек Рахманжан уулу 3-декабрга караган түнү жол кырсыгынан каза болду. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маркум Ош облустук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча ага тергөөчүсү болуп иштеген.

Ал 1985-жылы 18-июлда Ош облусунун Ноокат районундагы Кеңеш айылында туулган. 2006-жылы ИИМдин академиясын аяктагандан кийин милицияда бир катар жооптуу кызматтарды аркалаган.

Акыркы кызматында 2018-жылдын 2-ноябрынан тарта иштеп жаткан. Маркумдун өлүмүнө байланыштуу тергөө иштери жүрүүдө.

XS
SM
MD
LG