Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:37

Будапешттеги Соростун университети Венага көчүүгө мажбур болду


Будапешттеги Борбордук Европа университетинин имараты. 27-июль, 2018-жыл.
Будапешттеги Борбордук Европа университетинин имараты. 27-июль, 2018-жыл.

Будапешттеги Борбордук Европа университети премьер-министр Виктор Орбандын өкмөтү менен узакка созулган кармаштан кийин өз программаларын Венадагы кампуска көчүрүүгө “мажбур" экенин билдирди.

Америкалык филантроп Жорж Сорос каржылаган бул университеттин ректору Майкл Игнатьев 3-декабрдагы билдирүүсүндө “Борбордук Европа университети кетүүгө мажбурланганын” айтты. “Америкалык университет НАТОнун курамындагы өлкөдөн чыгарылган мындай окуя буга чейин болгон эмес”, - деди ал.

АКШда аккредитацияланган университеттин программалары 2019-жылдын сентябрынан тартып Венадагы кампуста окутула баштайт. Бирок университеттин Будпапешттеги кампусун ал жердеги студенттер окуусун бүтмөйүнчө кармап туруу планы бар.

Университет 2017-жылы Венгрияда кабыл алынган мыйзам чет элдик университеттерди бутага алганын белгилейт. Венгр өкмөтүнүн басма сөз катчысы Соростун университети “жаңы талаптарга жооп бербейт” деп билдирди.

Венгр өкмөтү Борбордук Европа университетинин Будапешттеги ишмердигин улантууга уруксат берген макулдашууга кол коюудан баш тарткан.

Быйыл жазында Соростун “Ачык коом” институту Будапешт шаарынан Берлинге көчкөн.

XS
SM
MD
LG