Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Март, 2021 жума, Бишкек убактысы 17:15

Трамп Орусия, Кытай менен жарыша куралданууну талкуулоого убада берди


Аргентинада АКШ - Кытай делегациялары жолугушууда. 1-декабрь, 2018-жыл.

АКШ президенти Дональд Трамп келечекте кытай жана орус лидерлери менен жарыша куралдануу көйгөйүн талкууларын билдирди. Ал бул тууралуу "Твиттердеги" баракчасына жазды.

Трамп АКШнын 2019-жыл үчүн аскердик бюджети, мурда болуп көрбөгөндөй, 716 миллиард долларга жеткенин “акылга сыйбаган нерсе” деп атады.

АКШ президенти Аргентинада өткөн "Чоң жыйырманын" саммитинде Кытайдын лидери Си Цзинпин менен сүйлөшкөнүн "алдыга чоң кадам" деп баалады. Америкалык лидердин белгилешинче, сүйлөшүүдөн кийин Бээжин АКШдан ташылган автомобилге 40% төлөмдү азайтып, андан кийин таптакыр алып салууга макул болду. Трамптын пикиринде, бул чечим АКШ менен Кытайдын гана эмес, башка өлкөлөрдүн экономикасына дагы таасирин тийгизет.

Трамп Аргентинадагы саммиттин алдында орус президенти Владимир Путин менен пландалган жолугушуудан баш тарткан. АКШнын Мамлекеттик департаменти Трамп Орусияда кармалган украин аскерлери бошотулгандан кийин гана Путин менен жолугарын билдирген.

Пикирлерди көрүңүз (2)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG