Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:05

Эгизбаевдин иликтөөсү боюнча козголгон кылмыш иштерин тергөө аяктай элек


Уланбек Эгизбаев.
Уланбек Эгизбаев.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) «Азаттыктын» журналисти Уланбек Эгизбаевдин "Көрүстөндөгү коррупция" иликтөөсүнө байланыштуу козголгон кылмыш иштерин тергеп бүтө элек.

Аталган мекеменин басма сөз кызматы «Азаттыкка» билдиргендей, козголгон эки кылмыш иши боюнча тергөө уланууда. Анын качан аяктай тургандыгы айтылган жок.

28 жаштагы Уланбек Эгизбаев быйыл 22-июлда Ысык-Көлдө эс алып жүргөн кезде каза болгон. Соттук-медициналык экспертиза "журналисттин өлүмүнө сууга чөгүү себеп” деген бүтүмгө келген.

Эгизбаевдин өлүмүнөн кийин анын "Көрүстөндөгү коррупция" аттуу теле берүүсүндөгү коррупциялык фактыларды жана маркумдун дарегине келген коркутуп-үркүтүүнү иликтөө өтүнүчү менен "Азаттык" Ички иштер министрлигине, Башкы прокуратурага кайрылган. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы бул боюнча кылмыш ишин козгоодон баш тарткан, иштин материалдарын прокуратурага жиберген. Башкы прокуратура иликтөө тууралуу эки кылмыш иши козголуп, материалдар Финансы полициясына өткөрүлүп бергенин кабарлаган.

Маркумдун коомдо резонанс жараткан бул берүүсү быйыл 30-майда чыккан. Анын негизинде “биринчи кылмыш иши быйыл 22-июнда, журналист тирүү кезде эле козголгон” деген маалыматты башкы көзөмөл органы 20-сентябрда жарыялаган.

Экинчи кылмыш иши козголгонун аталган мекеме 16-октябрда жарыялады. Бирок анда кимдер айыпталып жатканы кабарлана элек.

“Көрүстөндөгү коррупция” телепрограммасында Бишкектин Түштүк-Батыш көрүстөнүндөгү коррупциялык схемалары ачык айтылып, кабырларды сатуу бизнеске айланып кеткени баяндалган. Бул көрсөтүү коомдо кызуу талкуу жаратып, көзү тирүү кезинде Уланбек Эгизбаевге жана программада интервью берген Бишкектеги ритуалдык кызматтын мурдагы кызматкери Максат Баялиевге бош конверттер келген эле. Кийинчерээк бул конверттерди Эгизбаев менен Баялиевди “Көрүстөндөгү коррупция” иликтөөсү үчүн сотко берген Түштүк-Батыш көрүстөнүнүн жетекчиси Чыңгыз Апасовдун адвокаты жибергени дайын болгон.

Ал эми журналисттин өлүмү боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 258-беренесинин негизинде козголгон кылмыш иши учурда Ысык-Көл райондук сотунун кароосунда. Бул кылмыш ишине байланыштуу Эгизбаев каза болгон "Акун" пансионатынын администрациясынын өкүлдөрү айыпталууда. Алардын аты-жөнү коомчулукка жарыялана элек.

XS
SM
MD
LG