Мурдагы транспорт министри Аргынбек Малабаев өзү тууралуу Интернетте жазылып жаткан маалыматтарга түшүндүрмө берип, “Манас” эл аралык аэропортунун жетекчилик кызматына дайындалып жатканын төгүндөдү. Ал ошондой эле президент Сооронбай Жээнбековдун агасы Жусупбек Шариповдун бир тууган кайниси экенин да четке какты.
- Андай сунуш болгонун мен сизден биринчи угуп жатам. Мага азырынча андай сунуш түшкөн жок. Бирок сунуш болсо иштеп бермекмин. Эки жылдан бери үйдө жумушсуз отурам, киреше жок. Бала-бакыраны багыш керек дегендей... "Жусупбек Шариповдун бир тууган кайниси" деген маалыматтар да чындыкка туура келбейт. Анын аялы болгону биздин айыл Асылбаштан болот, уруулашыбыз. Ошого байлап эле мени жаманатты кылгысы келгендер ушак таратып, "кайни" кылып жатышпайбы. Алар менен айылда бир жакшылык-жамандык болуп калганда эле учурашып турабыз, бирок мен алар менен катташпайм деле. Болбосо мен аларды көрбөгөнүмө жарым жыл болуп калды. Эми биз асылбаштык болгонубуз үчүн эле эч жерге ишке барбай отурушубуз керекпи? Мен Шарипов, Жээнбековдор бийликке келгенге чейин эле транспорт министри болгом, “Кыргыз темир жолу” ишканасын эки жолу жетектедим, - деди ал.
Ошентсе да Малабаев өткөн президенттик шайлоодо Сооронбай Жээнбековдун штабында иштеп, анын жанында жүргөнүн ырастады. Ал Жээнбеков менен бир партияда болгону үчүн колдоого алганын кошумчалады.
Кечээ “Манас” аэропортунун башкармалыгынын төрагасы Эмир Чукуев кызматынан кетти. Анын ордуна милдетин аткаруучу болуп Мирлан Бегалиев дайындалды.
Бир катар социалдык тармактардын колдонуучулары аэропорттун жетекчилигине экс-министр Аргынбек Малабаев дайындалганы жатканын, ал Жусупбек Шариповдун бир тууган кайниси экенин жазышкан.
Президент Сооронбай Жээнбековдун бир тууган агасы Жусупбек Шарипов Кыргызстандын Украинадагы элчиси болуп иштейт. (ErN)