Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:01

Орусия Украинанын Азов портторуна жолду “жарым-жартылай” ачты


Орусия аннексиялаган Крымда, Керч кысыгында курулган көпүрө.
Орусия аннексиялаган Крымда, Керч кысыгында курулган көпүрө.

Украин кемелери он күн мурунку жаңжалдан кийин биринчи жолу Керч кысыгынан өтүүгө мүмкүнчүлүк алганын бүгүн Украинанын инфраструктура министри Владимир Омелян билдирди.

Анын айтымында, Бердянск жана Мариуполь портторуна жол жарым-жартылай ачылды. Анын айтымында, орус тарап кемелерди токтотуп, текшерип чыккандан кийин гана Керч кысыгынан өткөрүп жатат.

Украин тараптын маалыматына караганда, учурда Азов деңизине өтүш үчүн 17, ал эми Кара деңизге өтүш үчүн бир кеме кезек күтүүдө.

Министр Омелян Орусия Керч кысыгын эл аралык коомчулуктун чечкиндүү реакциясынан кийин ачып жатканын кошумчалады.

Бир күн мурда НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Орусиядан кемелердин эркин каттамына, Украинанын Азов деңизиндеги портторуна кирип-чыгууга жол берүүнү талап кылган болчу.

Киев менен Москванын деңиздеги тирешүүсү НАТОго кирген өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин Брюсселдеги бүгүнкү жыйынынын башкы маселеси болууда.

25-ноябрда Кара жана Азов деңиздери кесилишкен Керч кысыгында болгон окуяны Украина жана Батыш өлкөлөрү “агрессия”, Орусия “чагым” деп баалаган.

Орусия анда Украинанын үч кемесин, 24 деңиз аскерин күч менен кармап кетип, кийин аскерлердин баарын эки айга камакка алган. (UE)

XS
SM
MD
LG