Азамат Үсөнов Кыргызстандын Кытайдагы жана Монголиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси кызматынан бошотулду.
Тиешелүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 4-декабрда кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.
Кыргызстандын Кытайдагы элчилиги Бээжинде жайгашып, Монголияны кошо карайт.
Азамат Үсөнов бул кызматка 2017-жылы сентябрда дайындалган. (NT)