АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео бүгүнкү сөзүндө Кытайды, Иранды жана Орусияны "бир катар эл аралык келишимдер менен көп тараптуу макулдашууларды, дүйнөдө туруктуулукту бузуп жатышат" деп сынга алды. Ошор эле учурда АКШнын дарегине айтылган, "президент Дональд Трамптын администрациясы чечүүчү эл аралык маселелерде бир тараптуу аракеттенип жатат" деген сындарды четке какты.
Ал АКШ жаңы либералдык тартип түзүлүшүн көздөп жатканын айтты:
- Ал тургай биздин Европадагы достор да кээде биз дүйнөнүн кызыкчылыгы үчүн аракеттенбей жатканыбызды айтышат. Бул туура эмес. Биздин вазийпабыз - эгемендигибизди бекемдеп, либералдык эл аралык тартипти рефомалоо. Биз досторубуз да өз эгемендигин көргөзүп, бизге жардам беришин каалайбыз. Биз эл аралык тартип жарандарыбызды көзөмөлдөбөстөн, аларга кызмат кылышына утулабыз.
Помпео бул сөздөрдү бүгүн Брюсселде, Германиянын Маршал фондунда, НАТОнун тышкы иштер минстрлеринин жыйыны башталарда сүйлөп жатып айтты.
Анын сөзүнө караганда, АКШнын азыркы администрациясы Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин эл аралык тартиптин өзөгү болгон институттарды реформалоо үчүн иш жүргүзүп жатат.
Помпео белгилегендей, АКШнын көз карашында Бириккен Улуттар Уюму, Евробиримдик, Африка Биримдиги, Эл аралык Валюта Фонду, Дүйнөлүк Банк өзгөрүүлөргө муктаж. (UE)