4-декабрда башталган иш-чаралар "Манас" кинотеатрында жана Чыңгыз Айтматов атындагы кино үйүндө өтүүдө. Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы кабарлагандай, көрүүчүлөргө режиссер Ёлкин Туйчиевдин "Ришта" (Байланыш), Александр Гамировдун "Атанын үйү", "Узбеккино" студиясынын "Жалган торунда" аттуу тасмалары көрсөтүлүп жатат.
Иш-чаранын алкагында Бишкекке Өзбекстандын бир катар кино ишмерлери, актерлору келди. Өзбек киносунун Кыргызстандагы күндөрү 5-декабрда да уланат.
Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармасынын негизинде кыргыз жана өзбек киночулары тарткан "Делбирим" тасмасы 6-декабрдан тартып кинотеатрларда көрсөтүлө баштайт. Өзбекстанда фильм өткөн айдан бери көрүүчүлөргө тартууланып жатат.